«Дүйнөнү дүңгүрөткөн коронавирус» аттуу on-line конференция болуп өттү.
👩🎓29-апрель күнү Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Терапиялык сабактар» бирикмеси тарабынан студенттер жана жалпы окутуучулар үчүн уюштурулган «Дүйнөнү дүнгүрөткөн коронавирус» аттуу on-line конференциясы болуп өттү.
🔹Конференцияда дарылоонун алдын алуу мекемелеринен келген дарыгерлер тарабынан баяндамалар жасалды. КР ИИМнин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунун башчысы тарабынан, азыркы убакта тездик менен жайылып жаткан COVID-19 илдети жөнүндө кенен маалыматтар берилди.
🔹 Студенттер тарабынан бир катар суроолор узатылып, кызуу талкуу жүрдү.
🔹Конференция медициналык колледждин директору, м.и.к. Равшан Джумаевдин, терапиялык сабактар бирикмесинин башчысы Айчүрөк Амиракулованын ыраазычылык сөзү менен аяктады!
👩🎓Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө медициналык колледжинин 10дон ашык дарыгер-окутуучулары Ош шаарындагы ооруканаларда кызмат көрсөтүп жатышат.