1-сентябрь билим күнүнө арналган салтанат ОНЛАЙН режиминде өттү

 

📌1-сентябрь билим күнүнө арналган салтанат Кыргыз-Өзбек университетинде, пандемия шартына жараша онлайн режиминде болуп өттү. Салтанатка аралыктан катышкан профессордук-окутуучулар жамаатын жана студенттерди жаңы окуу жылы менен университеттин ректору, э.и.д., профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич мезгил талабына жараша, дүйнөнү түйшүккө салган пандемиядан улам аралыктан жолугуп, аралыктан куттуктады.
✅“Жергебизди каптап келген апааттан агай-эжекелерибиздин, жалпы эле эмгек жамаатыбыздын, студенттерибиздин алтын баштары аман чыкканына бүгүнкү күндө кубанып отурабыз. Ошондон улам, мындан нары да катарыбыз кемибей, улам жаңычыл көз караштагы чыгаан жаштар менен толукталып турсун.
✅Технологиялык башкаруу доорунда маалыматтык технологияларды пайдалана билүү – бүгүнкү күндө жашап жаткан ар бирибиздин милдетибиз экендигин мезгил көрсөттү. Өткөн окуу жылынын экинчи жарымын аралыктан окутуп жыйынтыктаганыбыз буга ачык далил. Ошондон улам, окуу жылынын башталышы аралыктан окутулса да, үзгүлтүккө учурабай, өз ыргагында, майрамдык маанайда башталаарына шек санагым келбейт. Мезгилдин бул сыноосуна биздин студенттер да даяр экендигине толук ишенем.
✅Андыктан, ардактуу агай-эжекелер, бүгүнкү күндөн, дал ушул сааттан студенттерибизге жеткиликтүү билим, татыктуу таалим берүү ишине жигердүү киришишибиз керек. Аралыктан жүргүзүлө турган сабактарга ар бириңиздердин тажрыйбаңыздар да, билим деңгээлиңиздер да жетиштүү деп ишенем. Ошондуктан, биздин келечегибиз болгон ар бир студент менен тыгыз байланышта иш алып барышыңыздарды суранам!
✅Окуу жылынын башталышындагы майрамдык маанай ар бирибизди түбөлүктүү коштоп жүрүп, калкыбыздын башы кайгыдан алыс болуп, ар дайым ийгиликтин үстүндө бололу! Дагы бир жолу жаңы окуу жылыңыздар менен!”-деген тилегин билдирди.

📌Буга улай эле салтанатка катышкан түзүм жетекчилери, окуутуучулар жана студенттер башталып жаткан окуу жылына карата каалоо-тилектерин , даярдыктарын айтышты.

📌Ошондой эле КӨУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор Исаков Топчубай Эргешович куттуктоо сөзүн айтып, учурдагы кырдаалга байланыштуу жаңы окуу жылына болгон даярдыктар тууралуу кенен маалымат берди.

🔹Эскерте кетсек, Кыргыз-Өзбек университетинде 2020-2021-окуу жылынын башталышы аралыктан, өз ыргагында жүргүзүлө баштады.