1-декабрь Эл аралык СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата…
Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү белгиленди
1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Кыргыз-Өзбек университетинин кесиптик колледждин ЭУКС бирикмеси тарабынан «СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу » деген темада онлайн иш-чара болуп өттү.
Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун Дарылоо бөлүмүнүн башчысы Моторов Улукбек Төлөмүшович СПИД боюнча жалпы маалымат жана статистикалык маалыматтарды берип , студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берди.
Иш-чаранын алкагында студенттер тарабынан СПИДтин алдын алуу, тарыхы боюнча баяндамалар жасалды.
Аталган оору биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач «Төрт-Г» деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.