ЖҮРӨКТӨН ЧЫККАН ПОЭЗИЯ» аттуу онлайн поэзия кече болуп өттү

1-декабрь күнү Кыргыз- Өзбек университетинин кыргыз филология кафедрасында филология илимдеринин кандидаты Жусуева Сюита Калмаматовна жетектеген «Айтматов таануу» клубунун уюштуруусунда «ЖҮРӨКТӨН ЧЫККАН ПОЭЗИЯ» аттуу онлайн поэзия кечеси болуп өттү.
Кеченин коногу акын, жазуучу, публицист жана журналист Зинакан Пасаңованын ырларын студенттер көркөм окуп, жеке чыгармачылыгына байланыштуу суроолорду берип, жолугушуу баарлашуу иретинде болду.
Кечеге тарых-филология факультетинин деканы, п.и.к., доцент Назира Тилекова, кыргыз филология кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Бактыгүл Исмаилова катышып, Зинакан Пасаңовага ыраазычылыктарын билдиришти.
Акын, жазуучу, публицист жана журналист Зинакан Пасаңова, “Болочок филологдор менен баарлашуудан чоң канааттануу алдым. Карантин чектөөсүндө мындай жолугушууларды сагынып калган экенбиз. Онлайн поэзия кечесин жакшы даярдыкта уюштурган уюштуруучуларга жана студенттерге алкыш” –деген каалоосун билдирди.