Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Бүтүрүүчүлөргө кеңеш» аттуу — тегерек стол уюштурдук.
Бул иш-чарага Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору Исаков Топчубай Эргешович, карьераны өнүктүрүү борборунун жетекчиси Сагынбек Маманов, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынан өкүлдөр, окуу жайдын жаштар комитетинин лидерлери, бүтүрүүчү курстун студенттери катышышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын адистери тарабынан Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин акыркы курстагы студенттери үчүн бош иш орундары тууралуу кенен маалыматтар берилип, атайын презентация тартууланды.
Бүтүрүүчүлөргө арналган тегерек стол кызыктуу сунуш пикирлер, пикир алмашуулар, жана суроо-жооптор менен коштолду. Баардык келип берген конокторго, жалпы катышуучуларга ыраазычылыгыбызды билдирип кетмекчибиз.