👩🎓МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖ: Онлайн конференция
👨👨👧30-апрел күнү медициналык колледжинин гуманитардык сабактар бирикмесинде «Жетиген» мектеп-лицейинин директору, п.и.д., доцент Акматов Кыялбек Камутовичтин катышуусунда онлайн конференция уюштурулду.
🏃♂️ «Кыргыз элинин бала тарбиялоодогу философиялык көз караштарынын калыптанышы жана өзгөчөлүктөрү» деген теманын үстүндө баяндама жасап, ѳзүнүн ой-пикирлери менен бѳлүштү. Катышуучулар тарабынан берилген суроолорго тиешелүү жооптор алынды.
👨🏫Педагогика илимдеринин доктору, доцент, билим берүүнүн мыктысы Кыялбек Акматов директорлук кызмат менен биргеликте, көп жылдардан бери окуучуларга, студенттерге билим берүүгө жетишип келет.