Университеттин окуу-усулдук ишмердүүлүгүнүн семинары болуп өттү.
23-апрель күнү университеттин окуу-усулдук ишмердүүлүгүнүн семинары болуп өттү.
Аталган семинарга факультеттердин декандары, колледждердин директорлору, кафедра, бирикеме башчылары жана программа жетекчилери катышты.
Семинарды жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперт Бообекова Рахат Рымбековна «Жаңы мамлекеттик стандарттардын негизинде негизги билим берүү программаларын (НББП) иштеп чыгуу» деген темада өтүп берди.
Соңунда катышуучулар атайын сертификаттарга ээ болушту.




