Өндүрүштүк байланыштар
Тарых-филология факультетинде практикалар боюнча жумуштар жолго коюлган. Факультеттин студенттери Ош шаарындагы келишим түзүлгөн №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейи, № 8 М.Горький, Ош Билим Ордо, №2 К. Маркс, №21 А.С. Пушкин, №18 А. Навои, Сапат лицейи, №42 “Керме-Тоо”, №4 Киров, №14 К.Алтыбаев, №7 Нариман, №22 С.Шарипов, №17 Ю.А. Гагарин, №26 Т.Сатылганов, №5 Ж. Бөкөнбаев, №50 Алиев, №18 А.Навои атындагы жана башка ушул сыяктуу орто мектептерде, гимназия-лицейлерде практикаларын өтөшөт.
Факультетте Филологиялык билим берүү жана социалдык-экономикалык билим берүү багыттары боюнча:
- Фольклордук-кептик;
- Үйрөнчүк-педагогикалык;
- Кесиптик-базалык;
- Кесиптик-профилдик практикалар уюштурулат.
Факультетте студенттер практикага чыгуунун алдында педагогикалык практиканы уюштуруу жана өткөрүү боюнча практиканын башчысы жана усулчу-окутуучулар менен биргеликте конференция өткөрүлөт.
2021-жылдын 23-ноябрында 4-курстун студенттериин кесиптик-профилдик практиканы жыйынтыктоо боюнча конференциясы болуп өттү.
Практикага кыргыз филология кафедрасынын окутуучуларынан: Н.Д. Тилекова, Б.Т.Исмаилова, С.Р. Акматова, С.К. Жусуева, Г.О. Усаровалар, орус филология кафедрасынын окутуучуларынан: Р.В.Алиева, Я.Рузиева, Ф.Бечелова, англис филология кафедрасынын окутуучуларынан: Р.Абакулов, Д.Сайидырахимова, А.Жалиев, тарых жана философия кафедрасынан: Г.Охунова, Н.Адышева, М.Ташалиевалар жетекчилик кылышат.
Практика учурунда окутуучуларыбыз студенттердин сабактарына катышып, усулдук жактан жардам беришет. Студенттер практика учурунда предметтер боюнча ачык сабактарды жана иш –чараларды уюштурушат. 2018-жылы апрель-март айларында өткөрүлгөн кесиптик-базалык практикада СЭБТ-16 тайпасынын студенттери Жакшыбаева Анара, Мендалы кызы Жаркынай, ФБК-16 тайпасынын студенттери Бактыбек кызы Гулнур, Мамытова Айзирек, Кубанычбек кызы Айдай, Эркинова Гуласелдер мектеп админстрациясы жана предмет мугалимдери тарабынан ыраазычылык берилди.
Тарых-филология факультетинде багыттардын окуу планына ылайык СЭБТ тайпалары архивдик-музейдик, ал эми ФБК, ФБО тайпалары фольклордук-диалектологиялык, речтик практикаларына Кыргызстандын жана кошуна мамлекеттердин айылдарына, музейлерине, тарыхый жерлерине чыгышат.