Өзбекстандын акын-жазуучулары Кыргыз-Өзбек Эл арылык университетинде болушту

Бүгүн, 20-сентябрь күнү Өзбек акын-жазуучулары Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болушту.
Өзбекстандан келген конокторду университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев тосуп алып окуу жай менен жакындан тааныштырды.
Университеттин алдында ачылган «Манас таануу», «Айтматов таануу», «Өзбек маданий» борборлорун ишмердүүлүгү боюнча кенен маалыматтар айтылып, келген коноктор университеттин жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.
Андан сырткары Өзбек акын-жазуучулары менен биргеликте адабий кечелерди уюштуруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү.
Белгилей кетсек Өзбек акын-жазуучулары КРнын Улуттук жазуучулар союзу уюштурган Кыргыз-Өзбек элдеринин ортосундагы достукту бекемдөө максатында өтүп жаткан «Достук» фестивалына катышышат.
Аталган фестивалдын ачылышы эртең саат 10:00дө Кадамжай районунун маданият үйүндө болот.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети-эки элдин достугун бекемдеген куттуу окуу жай.