Үч университеттин ортосунда биргелешкен окуу усулдук кеңешме болуп өттү.
24-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, Талас мамлекеттик университети жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети “Жогорку окуу жайларда аралаш (гибриддик) билим берүүнүн кээ бир маселелери” аттуу биргелешкен окуу-усулдук кеңешмесин онлайн режиминде өткөрдү.
Аталган окуу-усулдук кеңешмеге Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, ТалМУнун ректору, профессор Айбек Упенов, НМУнун ректору, профессор Эрмек Байбагышов катышып, ачып беришти.
Андан соң ТаЛМУнун окуу жана илимий иштери боюнча проректору, ф.и.д., профессор С.С.Жумалиев “ТалМУдагы аралаш билим берүү процесси: тажрыйбалар жана көйгөй маселелер”, НМУнун академиялык иштер боюнча проректору, ф.и.к., профессор Н.А.Чоробаева “Университетте гибриддик билим берүүнүн шарттары” жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору, п.и.к., доцент Т.Э.Исаков “COVID-19 пандемия шартында билим берүү жараянын уюштуруунун маселелери” деген темадагы баяндамаларын жасашты.
Баяндамачыларга катышуучулар тарабынан суроолор берилип, талкуу менен коштолду.
Соңунда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев жалпы катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.




