Үстүбүздөгү жылдын 25-апрель күнү Кесиптик колледжинин Экономика жана укук бөлүмундө ата-энелер чогулушу болуп өттү.
Чогулуштун жүрүшүндө ата-энелерге ДББ шартарында ЭУ бөлүмүндө окуу процессинин уюштурулушу жана жүрүшү менен тааныштырылды. Ата-энелер да үй шартында студенттердин аралыктан билим алуусун кандай камсыздап жатканы жөнүндө маалымат беришти. Негизги ата-энелерди кызыктырган суроолор контракт, расписание жана жайкы сессиянын уюштурулушу жөнүндө болуп, тиешелүү жоопторду жетекчилер тарабынан алышты.
Чогулушка КК нын директору И.А.Бакиров, ЭУ бөлүмүнүн башчысы У.Т.Шамшидинов, ЭУКС бирикмесинин башчысы А.И.Шералиева, Н.А.Жунусов жана тайпа кураторлору катышышты.