Үстүбүздөгү жылдын 19-май күнү «Экономикалык, укуктук жана коомдук сабактар» бирикмесининде «Тарбиянын алтын эрежелери» аттуу он-лайн семинар болуп өттү.
Он-лайн семинарыбыздын коногу «Асылзат айымдар» коомунун жетекчиси Нуркыз Кадырбекова болду.
Семинардын жүрүшүндө Н.Кадырбекова студенттер жана жаш окутуучуларга өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, «Тарбиянын алтын эрежелери» жөнүндө кеп курду.
Семинар суроо-жооп менен коштолуп, студенттер өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алышты.
Нуркыз Кадырбековага жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдиребиз!