Үстүбүздөгү жылдын 15-июнунда юридика-бажы факультетинин бүтүрүү кечеси болуп өттү.

Иш-чарага ректорат, аталган факультетдин деканы, кафедра башчылары жана бүтүрүүчү студенттери катышты.
Кечеде ректораттын өкүлдөрү жана факультет деканы куттуктоо сөзгө чыгып, бүтүрүүчүлөрдүн келечектеги кесиптик иштерине ийгиликтерди каалашты.
Окууда, коомдук иштерде активдүүлүгү менен айырмаланган бүтүрүүчү курстун студенттерине окуу жайдын ыраазычылык каты тапшырылды.
Бүтүрүү кечеси окуу жай менен кош айтышып жаткан акыркы курстун студенттерине арналып даярдалган концерттик программа менен коштолду.