Юридика-бажы факультетинде 1-курстун студенттеринин Ыйгарым аземи болуп өттү.

Алгач университетти, факультетти баяндаган слайд коюлуп, андан соң куттуктоо үчүн сөз берилди.
КӨУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, ф.и.к. Сарыков Сыргак Токтосунович, юридика-бажы факультетинин деканы, ю.и.д. Көкөева Алмагүл Муктарбековна 1-курстарды куттуктап, каалоо, тилектерин билдиришти.
Ошондой эле кураторлор жана ата-энелер жамааты дагы куттуктоолорун жолдошту.
Аталган иш-чара «Маданий-эстетикалык» борбор тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Кошумчалай кетсек, 1-курстарды кабыл алуу «Ыйгарым аземи» жыл сайын КӨУнун факультет, колледждеринде белгиленип келет. Шартка байланыштуу быйылкы жылы онлайн уюштурулуп жатат.