Юридика-бажы факультетинде семинар

Укук булагы программасынын алкагында «Адам укуктары жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу жолдору» аталышында практикалык семинар болуп өттү.
Аталган семинарды кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоцациясынын президенти, юридика илимдеринин кандидаты Бакиров Артур Жылдызбекович өтүп берди. Семинарга юридика-бажы факультетинин жана кесиптик колледждин окутуучулары, студенттери катышты.
Семинарда кызуу талкуу жүрүп, ой-пикирлер айтылып, суроолор менен коштолду. Жыйынтыгында активдүү катышкан окутуучуларга, студенттерге Артур Жылдызбекович өзүнүн белектерин тапшырды.
Артур Бакиров юридика-бажы факультети менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп келет. Бир нече жолу тегерек стол, конференцияларды укуктук сабаттуулукту арттырууга багытталган иш-чараларды биргеликте уюштурган. Юридикалык адабияттарды студенттерге колдонууга акысыз белекке берип турат. Жакында эле окутуучуларга жана студенттерге Ысык-Көлдө акысыз семинар уюштуруп, юридика-бажы факультетинин студенттери жана окутуучулары катышып келишкен.
Бул иш аракеттер үчүн юридика-бажы факультетинин жамааты Бакиров Артур Жылдызбековичке ыраазычылыктарын билдиришти.