Юридика-бажы факультетинде окутуучулар, студенттер үчүн кызыктуу мастер класс уюштурулду

2021-жылдын 11-ноябрь күнү Сорос-Кыргызстан фондунун укуктук программасы, «Адам, укук, эркиндик» коомдук фонду, КР Юстиция Министирлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды кординациялоо борбору тарабынан мастер класс уюштурулду.
КРнын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жана адвокаттык ишмердүүлүк мыйзамдарынын алкагында өткөн мастер класска юридика-бажы факультетинин окутуучулары, студенттери активдүү катышып, уюштуруучулар тарабынан сертификатка ээ болушту.
Соңунда иш чаранын уюштуруучусу Арапова Эльмира Байышовна Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевге, тышкы байланыштар жана инвестиция департаментинин директору Аида Балтабаевага, юридика-бажы факультетинин деканы Алмагүл Көкөевага, жалпы катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, 2020-жылы ЖОЖдор аралык өткөн КВИЗ оюнунда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинен барган команда активдүү катышып, мыкты оюн көрсөткөнүн айтып, окуу жайдын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
и ещё 7
Сыдыкбек Апиш Уулу, Сыргак Сарыков и ещё 60
Комментарии: 17
Поделились: 1
Нравится

Комментировать
Поделиться