Юридикалык клиника

Юридика-бажы факультетинин Юридикалык клиникасы, Кыргыз-Өзбек университетинин Юридика-бажы факультетинин базасынын түзүмдүк курамында 2017-жылдын 28-февралында Кыргыз-Өзбек универсететинин №16/1 буйругунун негизинде  түзүлгөн. Каалоочу жарандарга, студенттерге, окутуучуларга акысыз юридикалык кеңеш берүү менен укуктук жардам көрсөтөт.

Юридикалык Клиника Кыргыз-Өзбек университетинин башкы имаратында төмөндөгү дарек боюнча жайгашкан: Ош шаары, Г.Айтиев көчөсү Юридика-бажы факультети 201-каана.

Юридикалык Клиника өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштурууда төмөндөгү принциптерге таянат:

-Юридикалык Клиниканын ишмердүүлүгүн адилеттүү уюштуруу;

-юридикалык жардам көрсөтүүнү акысыз камсыз кылуу;

-мыйзамдуулукту орнотуу;

-демократиялуулукту ,гумандуулукту сактоо;

-адам укуктарын, эркиндиктерин,кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү;

-Юридикалык Клиникадан укуктук жардамды өз ыктыяры менен алууга шарт түзүү;

-маалыматтын жашыруундуулугун сактоо,

-Юридикалык Клиниканын кызматкерлерине тараптардын ишенимдүүлүгүн арттыруу;

-өзиш-милдеттерин ишке ашырууда ЮК өзүн-өзүбашкаруусу жана көзкарандысыздыгы;

— өз милдеттерин ак ниеттүү аткаруу;

Клиниканын максаттары жана тапшырмалары

максаты:

КР да мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, укуктук маданиятты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

Жарандардын укуктарын, эркиндик, кызыкчылыктарын коргоо;

Студенттерге, окутуучуларг аукуктук маалыматты жайылтуу;

Студенттерди сапаттуу даярдоого шарт түзүүнү ишке ашыруу жана сапаттуу билим алуусун камсыздоо;

Акысыз юридикалык жардам берүү;

ЮБФнин жана укук таануу адистигинде окууган студенттерди практика өтөө үчүн шарттарды түзүү;

Студенттердин практикалык билимдерин жана илимий-изилдөө иштерин өркүндөтүү ;

Мекеме, ишкана, уюмдар жана бардык укук коргоо тармагы менен байланыштарды, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү.

тапшырмалары:

Жарандардын жана аз камсыз болгон категориядагы жарандардын, студенттердин, окутуучулардын акысыз юридикалык жардамдарды алуу үчүн оозеки жана жазуу түрүндө жардам көрсөтүү;

КРнын мыйзамдарына ылайык өкүл же коргоочу катары сот отурумуна катышуу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, кызыкчылыктарын коргоо;

КыргызРеспубликасынын укуктук өнүгүшүнө салым кошууга көмөктөшүү, укуктук маданиятты жайылтуу, укуктук тартипти орнотуу;

Студенттердин билим сапатын жогорулатууну ишке ашыруу;

Укуктук көйгөйлөр боюнча семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу жана өткөрүү,укуктук системаны жакшыртуу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;

Кыргызстандын Юридикалар Клиникасы Ассоцациясы уюштурган «Усиление взаимодействия юридических клиник, Центр по координациюГГЮП, Адвокатуры КР и профилных ВУЗов с целью расширения доступа к бесплатной юридический помощи для уязвимых слоев населения» аттуу тренинге Ю-15 тайпасынан Жамалидинов Ж, Орозалиева Ы, Капаров Ш, Юсупов Рахматулла катышып жана ассосациянын директору Бакиров Артур Жылдызбекович  39 даана юридикалык китептерди Юридикалык Клиникага белек кылды.

Клиниканын студенти Жамалидинов Жылдыз «Укук коргоо органдарынын коомдогу орду» аталышындагы талкууга катышып өз ойу менен бөлүштү жана мыкты катышуучу сыйлыгына ээ болду.

Ысык –Көл областында өткөн «Летняя школа правосудя» аталышындагы  акысыз юридикалык жардам көрсөтүүбоюнча иш чара.

Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын имаратында  Юстиция министирлигинин Мамлекет кепилдеген  юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун  башчысы Калбеков А.С. , Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын башчысы Токторбаев С.А.ошондой эле Кыргызстандын Юридикалар Клиникасы Ассоцациясы нын директору  Бакиров Артур Жылдызбековичтин катышуусундагы жолугушууга  катышып өз ойлорун ортого салып кайтышты.

Кыргызстандын Юридикалар Клиникалар Ассоцациясынын директору  Бакиров Артур Жылдызбековичтин катышуусунда  ошондой эле Юридика-бажы  факультетиннин Юридикалык клиникасынын студенттери менен биргеликте «Летняя школа правосудя» аталышында Ош шаарынын тургундарына акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү.

2019-жылдын19-июлда Бишкек шаарында өткөн «Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүдө Юридикалык клиниканын орду» аталышындагы практикалык конференцияга  клиниканын студенттери катышып сертификатка ээ болушту.

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial