Юридикалык кадрларды даярдоо системасына мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илм министринин 2020-жылдын 1-сентябрында чыгарылган буйругуна ылайык, юридикалык кадрларды даярдоо системасына мониторинг жүргүзүү үчүн атайын түзүлгөн комиссия ушул жылдын 8-декабрында Кыргыз-Өзбек университетинин курамындагы юридика-бажы факультетинин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты.
Ошону менен катар эле факультет тарабынан жүргүзүлгөн иш кагаздарын, документтерде жаңы мыйзамдардын талаптарын чагылдыруунун өздөштүрүлүшүн текшерүүдөн өткөрдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия мүчөлөрү факультеттин жалпы ишмердигине, материалдык-техникалык базасына, жүргүзүлгөн иш кагаздарына оң баасын беришти.
Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич келген конокторду кабыл алып, окуу жай жөнүндө кенен маалымат берди.
КӨУнун ректору Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич Кыргыз-Өзбек университети этностор аралык ынтымакты бекемдеп, негизги миссиясы болуп саналган кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы карым-катнашты, достукту – илим, билим, маданият аркылуу жигердүү ишке ашырып жатканын баса белгиледи.
Андан сырткары университет материалдык-техникалык базасын мезгил талабына ылайык заманбап технологиялык жабдыктар менен толуктап, Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, балдарды колдоо жылынын алкагында студенттердин, ата-энелердин түйшүгүн кыскартуу максатында бирдиктүү терезе иштей баштаганын кошумчалады.