Эл аралык мамилелер

Эл аралык мамилелер жана студенттердин ички, тышкы мобилдүүлүктөрү

Факультет Кыргызстандын дээрлик бардык ЖОЖдору жана илимий институттары менен кызматташтык жүргүзөт. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн, айрыкча, Өзбекстан Республикасынын бир нече ЖОЖдору менен түзүлгөн келишимдерге ылайык иш жүргүзүлүп келет.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин филологиялык билим берүү багытынан 6 студент академиялык мобилдүүлүк боюнча  Өзбекстан Республикасындагы  Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинде окуп жатышат.Биргелешип иш алып баруу максатында түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде  окуу процесси жана жатаканасы акысыз уюштурулган.

Тарых-филология факультетинин бир нече студенттери ОГПИде, И.Арабаев атындагы КМУда, БГУда, Ала-Тоо университеттеринде ички мобилдүүлүк боюнча, ал эми сырткы мобилдүүлүк боюнча ФерМУда, КМПИде билим алып келишти. Бир нече студенттерибиз Бишкек шаарындагы  Ала-Тоо универститетинде билим алышууда. Ал эми Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университетинин чет тили профилинин 8 студенти факультетте окуп кетишти.

2019-20-окуу жылында да Кыргызстандын ЖОЖдору менен түзүлгөн келишимдин негизинде ички мобилдүүлүктүн алкагында ЖАМУда, ОшМУда, Жусуп Баласагын атындагы КУУда студенттерибиз 1 семестр окуп келүүгө жиберилди.

Факультетте Кыргызстандын ЖОЖдорунун окутуучулары, Өзбекстан Республикасынын ЖОЖдорунун окутуучулары менен конок лекциялар уюштурулуп келүүдө.

       

ФБО-1-17 тайпасынын студенти академиялык мобилдүүлүк боюнча Бишкектеги К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетине, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине барып таанышып, билимин жогорулатып окуп келишти.

 

Чет өлкөлүк волантерлор «Славян дүйнөсү» орус маданий борбору менен таанышышты.

Ош шаарындагы Орус кызматташтыгынын жана орус маданий, илимий борборунун директору Алексеев Василий Николаевич факультеттин деканы Н.Д.Тилекованын кабыл алуусунда болду, ошондой эле орус филологиясы кафедрасынын «Славян дүйнөсү» орус маданий борборуна келип, орус филология кафедрасынын жамааты менен жолугушту.

 

Факультеттин окутуучулары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө тажрыйба алмашуу максатында билимдерин өркүндөтүп келүүдө.

Англис филология кафедрасынын окутуучусу Жалиев Азамат Индиянын Нью-Дели шаарынан билимин жогорулатып келди.

 

         Англис филология кафедрасынын окутуучусу ПазыловаТунукай эл аралык семинарларда