Эл аралык байланыш Международная связь International communication
Түркиянын Сивас Жумхурийет университетинин ректору, профессор Алим Йылдыз, эл аралык байланыштар департаментинин башчысы Али Аксу Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болушту.
Аталган конокторду окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев кабыл алды.
Жолугушуу учурунда окуу жайлардын жетекчилери тарабынан эки университет тууралуу кенен маалыматтар айтылып, академиялык мобилдүүлүк боюнча биргелешип иш алып баруу максатында, эки тараптуу кызматташтык келишимин түзүүгө кызыктар экендигин билдиришти.




и ещё 4
8