«Экономикалык, укуктук жана коомдук сабактар» бирикмесаи тарабынан «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылынын алкагында Кара-Кулжа районунун Чалма айылынын Б. Исаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Улан уулу Тимур менен «Менин ойлоп табуучулугум» аттуу жолугушуу уюштурулду.

2020-жылы 19-май күнү «Экономикалык, укуктук жана коомдук сабактар» бирикмесаи тарабынан «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылынын алкагында Кара-Кулжа районунун Чалма айылынын Б. Исаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Улан уулу Тимур менен «Менин ойлоп табуучулугум» аттуу жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууга Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, э.и.д. Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич, окутуучулар жамааты жана студенттер катышып, Тимурдун ойлоп табуучулуктары менен кеңири таанышышты.
Тимурдун устазы Мамажунусов Маккамбай анын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрү жөнүндө кеңири баяндап берди.
Андан соң мектептин директору Ашимова Гүлжан Жөжүевна Тимурдун жетишкендиктери жөнүндө маалымат берди.

Тимурдун ата-энеси Кыргыз-Өзбек университетинин жетекчилигине терең ыраазычылыгын билдирип кетти. Кыргыз-Өзбек университетинин ректору Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич Тимурдун билим алуусуна жана чыгармачылыктарына колдоо көрсөтүүлөрүн билдирип өттү.