Эки тараптуу кызматташуу
Эки тараптуу кызматташуу
Эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негезинде 1+1, 2+2 билим берүү программасынын алкагында Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтика мамлекеттик техникалык университетинин эл аралык программалар боюнча жетекчиси, техника илимдеринин кандидаты, доцент Киреев Олег Леонидович, Россия, Кыргызстан техникалык университеттеринин консерциумунун Кыргызстандагы кординатору Шорохова Наталия Александыровна Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келишти.
Конокторду Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев кабыл алды.
Жолугушуу учурунда эки окуу жайдын биргелешип жүргүзүп жаткан иштери, алдыдагы пландары тууралуу ойлорун ортого салып, мындан ары дагы биргеликте тыгыз иш алып барууну макулдашышты.
Андан соң коноктор университеттин окутуучулары, 1+1, 2+2 билим берүү программасынын алкагында «ВОЕНМЕХ» Балтика мамлекеттик техникалык университетинде магистратурада окуп жаткан магистранттары менен жолугушту.
Соңунда аталган окуу жайдын өкүлү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мугалимдерине кесиптик тажрыйбасын жогорулаткандыгын тастыктаган күбөлүктөрдү тапшырды.
Эскерте кетсек Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Россия, Кыргызстан техникалык университеттеринин консерциумунун мүчөсү болуп эсептелет.
Анын негизинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин техникалык багытта билим алып жаткан студенттери 1+1, 2+2 программасынын алкагында кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Ал эми бул иш аракеттер окуу жайдын эл аралык байланыштар жана инвестиция департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, ишке ашырылып келет.




