Эки тараптуу кызматташуу уланууда
Кыргыз-Өзбек университети менен Өзбекстандагы Мукуми атындагы Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу жөнүндөгү келишимди жүзөгө ашыруу максатында КӨУнун эл аралык байланыш жана инвестиция департаментинин демилгеси аркылуу Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич менен Мукими атындагы Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунун эл аралык мамилелер бөлүмүнүн начальниги Нажмединнов Ахмат Рахматовичтин расмий жолугушуусу КӨУда уюштурулду.
Жолугушуу учурунда коюлган максаттардын бир тобу аткарылып, эки тараптуу келишимдин алкагында ноябрь айы КӨУда жана Мукими атындагы КМПИде студенттер үчүн онлайн семинарлар, лекциялар, мастер класстар уюштурула тургандыгы белгиленди.