«Чыңгыз Айтматов эки элдин сүйүктүү сүрөткери» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү

2021-жылдын 21-апрелинде Өзбекстан Республикасынын эл аралык ислам академиясы, А.Навои атындагы тил жана адабият университети, Баткен мамлекеттик университети жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен биргеликте «Чыңгыз Айтматов эки элдин сүйүктүү сүрөткери» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференциясы онлайн форматта болуп өттү.
Конференцияга Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин деканы п.и.к., доцент Тилекова Назира Дүйшөбаевна, факультеттин илимий иштер боюнча декандын орун басары, ф.и.к., доцент Саидрахимова Дильфуза Саидмахамаджановна, кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Исмаилова Бактыгүл Таштемировна, тарых жана философия кафедрасынын улук окутуучусу Охунова Гулида Абдураимжановналар катышып, жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу баяндамаларын жасашты.
Мындан сырткары факультеттин окутуучулары активдүү катышып, конференция суроо-жооп, талкуулар менен коштолду.
Соңунда кошуна элдин ЖОЖдору менен дагы да тыгыз иш алып баруу боюнча эки тараптуу сунуш-пикирлер айтылды.