Чек арачы студенттер сыйланды

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич КӨЭАУнун юридика-бажы факультетинин студенти, КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын 20-51 аскер бөлүгүнүн кызматкери Талибаев Кадырбек Ажибековичти кабыл алды.
Кадырбек Талибаев Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууда мекен үчүн жан үрөп өзүнүн эрдигин көрсөткөн.
Кадырбекке чек ара коргоодогу мыкты эрдиги үчүн окуу жайдын жетекчилиги тарабынан материалдык колдоо көрсөтүү максатында 5000 сом акча каражаты жана университеттин Ардак грамотасы тапшырылды.
Андан сырткары Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууда көрсөткөн эрдиктери үчүн дагы эки студентке 5000 сомдон бөлүнүп берилет.