Хусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата уюштурулган сынактын жыйынтыгы чыкты
#МамтилКарасаев_120
Х. Карасаевдин 120 жылдыгына карата КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бир айлык жарыялаган.
Аталган бир айлыктын негизинде Кыргыз-Өзбек университетинин Мамлекеттик тил боюнча бөлүмү студенттер арасында Хусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата жарыялаган сынактын жыйынтыгын чыгарды.
Сынакка катышуучулар өз чыгармачылыгына жараша Х.Карасаевдин өмүр таржымалы тууралуу видео ролик тартып, дилбаян жазып жөнөтүшкөн.
Жыйынтыгында мыкты деп бааланган эмгектердин ээлери университет тарабынан атайын сыйлыктар менен сыйланышты.
Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата уюштурулган сынакка Кыргызстандагы башка жогорку окуу жайлардын студенттери дагы жигердүү катышты.
Женичүүлөрдү сыйлоо аземи онлайн режиминде уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиясынын Тил саясаты жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Толукбаева Сезим Карыбековна, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Амирбеков Зуур Жапарович катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Токоев Самат Х.Карасаевдин бейнесине арналган баяндамасын жасады.
#Видео_ролик сынагы боюнча III даражадагы Диплом менен КӨУнун медициналык колледжинин студенти Алтынбек кызы Назми, II даражадагы Диплом менен Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун гуманитардык факультетинин студенти Топчубаева Элизабета, I даражадагы Диплом менен Х.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенти Нарынбеков Кубанычбек сыйланды.
#Дилбаян_жазуу сынагы боюнча III даражадагы Диплом менен И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо иши факультетинин студенти Дайырбекова Нурлиза, ошондой эле III даражадагы Диплом менен КӨУнун тарых-филология факультетинин студенти Ысмаилова Айзирек, II даражадагы Диплом менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенти Тыныбек кызы Тахмина, I даражадагы диплом менен Баткен Мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун гуманитардык факультетинин студенти Муратали кызы Жасмин сыйланды.





Сыргак Сарыков, Суйорбек Таштемиров и ещё 21
Комментарии: 5
Поделились: 3
Нравится
Комментировать
Поделиться