ФМОУ Кафедрасынын тарыхы
ФИЗИКА ЖАНА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН УСУЛУ
Математика, физика жана окутуунун усулу кафедрасынын тарыхы
Кыргыз-Өзбек университинин ректорунун №22/Д, 05.09.1998 ж. буйругунун негизинде өзбек мектептерге адистерди даядоо жана кадрдык дефицитти жоюу максатында «Өзбек-педагогикалык факультети» ачылды. К-ӨУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен 1999-жылы жана ал факультет «Табигый-педагогикалык» жана «Тарых-филологиялык факультет» болуп бөлүнгөн. Ошондой эле ошол жылдын өзүндө өз алдынча «Жогорку математика» жана «Физика жана астрономия» кафедралары өзүнүн ишмердүүлүктөрүн башташкан. «Жогорку математика» кафедарсынын башчысы болуп ф.-м.и.к., доценти Тураев Н. 2007-жылга чейин жетектеп келген. Андан кийин «Жогорку математика» кафедрасынын башчысы болуп ф.-.м.и.д., профессор К.Алымкулов жетектей баштады. «Физика жана астрономия» кафедрасын башчысы болуп болсо п.и.к., доцент Ш.А.Ташходжаев дайындалган. Ш.А.Ташходжаев факультеттин деканы болгондон кийин 2010-жылга чейин «Физика жана астрономия» кафедрасынын башчысы болуп т.и.к., доцент Т.Дж. Джаныбеков жетектей баштады.
К-ӨУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен 2010-жылы жогоруда аталган эки кафедра бириктилип «Математика, физика жана окутуунун усулу» кафедрасы деп аталып анын башчысы ф.-.м.и.д., профессор К.Алымкулов дайындалды. Азыркы учурда дагы кафедраны К.Алымкулов башкарып келүүдө. Кафедра азыркы учурда эң алгачкы кафедралардан бири болуп эсептелинет. Себеби кафедра тарабынан бир катар илимий иштер корголгон.
Атап айтканда 2008-жылы Г. Гаипова, 2009-жылы А.З.Зулпукаров, 2014-жылы Ч.Абдуллаева жана 2015-жылы А.Халматовдор тарабынан илимий иштер корголуп илимдин кандидаты наамын алышты. Ошондой эле университет денгээлинде уюштурулатурган илимий сессиялардын жыйынтыгы боюнча «Математика, физика жана окутуунун усулу» кафедрасы биринчи, экинчи орундарды ээлеп келүүдө.
Кафедрадаазыркыкүндө 2-илимдин доктору, профессор, 4-илимдин кандидаты, доценттер, 2-ага окутуучу, 1-магистр, 1-лабораториянын башчысы жана 1-кафедранын лаборанты эмгектенип келүүдө.