Философия илимдеринин доктору, профессор Кулназаров Арстан Карамырзаевич агайыбыздын арабыздан кеткенине билинбей эки жыл болуптур

Философия илимдеринин доктору, профессор Кулназаров Арстан Карамырзаевич агайыбыздын арабыздан кеткенине билинбей эки жыл болуптур. А.К. Кулназаров философия илимин, кыргыз философиясын жана анын тарыхын изилдөөгө зор салымын кошкон окумуштуулардын бири катары тарыхта аты калды.
Биринчилерден болуп Кыргыз-Өзбек университетинде «Эл аралык байланыштар жана дүйнөлүк маданият» кафедрасын түзгөн.
Арстан Карамырзаевич быйыл 61 жашка чыкмак. Кыргызстан туштук философиялык коому агайдын туулган кунуно карата 2020-жылдын 4-январында илимий семинар откорууну пландаштырууда.
Бардык каалоочуларга эшигибиз ачык.

Арстан Кулназаров — 1959-жылы 4-январда Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөн.1975-1980-ж.ОшПИни бүткөн. 1980-82-жылдары Кербен мектеп-интернатында англис тили мугалими, 1982-84-жылдары ошол эле мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 1984-85-жылдары директор, 1985-89-жылдары Ош мамлекеттик университетинде окутуучу, 1989-1992-жылдары Ташкент мамлекеттик университетинин Аспирантурасын аяктаган. 1992-93-жылдары ага окутуучу, 1993-96-жылдары кафедра башчысы, 1996-97-жылдары бөлүм башчысы, 1997-98-жылдары дүйнөлүк тилдер факультетинин деканы, 1998-99-жылдары философия кафедрасынын Доценти, 2000-2005 — жылдары АКШнын университтеринде иштеген. 2005-2006-жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин эл аралык мамилелер боюнча проректору, 2006-2013-жылдары Кыргыз-Өзбек университетинде дүйнөлүк тилдер факультетинин деканы, 2013-жылдан баштап учурда Ош мамлекеттик социалдык университетинин биринчи проректору болгон. А.К. Кулназаров билимин, илимий деңгээлин өнүктүрүү максатында 2000-2005-жылдары Америка Кошмо Штаттарында иштеп, бир канча университеттеринде лекция окуп, Венгрияда, Казакстанда, Россияда, Молдавияда бир топ конференцияларга, семинарларга катышкан. Ага — Хан фонду каржылаган «Адам таануу» курсун иштеп, окуу жайларга таркатуу үчүн 1998-2000-жылдары Душанбе шаарында иштеген. А.К. Кулназаровдун философиянын, этиканын, эл аралык мамилелердин проблемаларын, дин таануу маселелерин изилдеген 100дон ашык илимий макалалары, 3 окуу куралы, 4 окуу — усулдук колдонмолору жарык көрдү.

Арстан Карамырзаевич, Сиздин артынызда идеяларынызды колдогон, пикирлеринизди болушкон, ишинизди алып кете турган философтор тобу бар. Демек, Сиз алардын журогундо туболук сакталасыз! Жаткан жериниз жайлуу болсун!