Усулдук семинар
6-апрель күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин англис филология кафедрасы тарабынан «Мугалимдин чыгармачыл изденүүсү жана кесипкөйлүгү» аталышындагы усулдук семинар Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов менен биргеликте жогорку деңгээлде өттү.
Аталган семинарга университеттин окуу иштери боюнча проректору, доцент Топчубай Исаков жана ТФФнын деканы Назира Тилекова катышып, Дүйшөн агайга ыраазычылык билдиришти.
Семинар суроо жооптор менен коштолуп, өз максатына жетти. Англис филология кафедрасынын башчысы, доцент Жаннат Каденова семинардын максаты жаш мугалимдерди кесипкөйлүккө шыктандыруу, педагогикалык ишмердүүлүккө чыгармачыл изденүү менен мамиле кылуусун артыруу экендигин баса белгилеп, жалпы катышуучуларга жана профессор Дүйшөн Шаматовго кафедра мүчөлөрүнүн атынан бекем ден-соолук, зор ийгиликтерди каалады.




