Урматтуу мекендештер, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кадырлуу эмгек жамааты!

Кылымдарды карыткан кыргыз журтчулугунун жаңы доорго кадам таштап, улуу империя – СССРдин курамынан бөлүнүп, өз алдынча мамлекеттик атрибуттарын кабыл алып, көз карандысыз, эркин мамлекет катары таанылгандыгынын 30 жылдыгын белгилөөнүн алдында турабыз.
Эчендеген тарыхый доорлордун оош-кыйыш күндөрүндө да элдик наркын, түпкү каада-салтын, журт биримдигин бузбай сактап келген элибиз тарыхый жаңы башаттын баардык суроо-талаптарын өз учурунда өздөштүрүп, көп тармактардагы реформалык көздөгөн максатына жетти деп айтсак аша чапкан болбойбуз. Айрыкча, билим берүү тармагы, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын эркин мамлекет экендиги таанылгандан кийин ачылган Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети да билим берүү ишмердигин эл аралык стандартка ылайык жүргүзө баштады.
Күн өткөн сайын өлкөбүздүн эл аралык алкагы кеңейип, саясий-экономикалык, социалдык-маданий багытта алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен достук мамиле түзүүгө жетиштик. Анын ичинде биздин окуу жай да илим-билим багытында эл аралык мамилени кеңейтип, илим-билимдеги достуктун алтын ордосуна айланды. Айтайын дегеним, бизден татыктуу билим алып чыккан жогорку билимдүү адистер учубузду узартып, өлкөбүздүн баардык булуң-бурчтарында, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөлөрдө үзүрлүү иштеп жатышат. Албетте, бул биздин эмгек жамаатыбыздын, айрыкча, профессордук окутуучулар курамынын 30 жыл ичинде өлкөбүздүн ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон барандуу салымы.
Этностор аралык ынтымактын чыңалышына, мамлекеттер аралык достук мамиленин ар тараптуу уланышына биздин жамааттын чын дилден жасаган эмгеги жемишин берип, ушул жылдын башында окуу жайыбыз эл аралык статсуска ээ болду.
Урматтуу мекендештер, ардактуу кесиптештер!
Эгемен өлкөбүздүн 30 жылдык майрамын татыктуу тосуп алып, өлкөбүздүн андан аркы өнүгүшүнө, дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына чыгышына ар бириңиздер жогорку деңгээлде салым кошооруңуздарга чын дилимден ишенем. Ошондуктан, өлкөбүздө бейпил турмуш уланып, жалпы журтубуз жаратылыш кырсыктарынан, түрдүү апааттардан алыс болушун каалаймын. Жалпы журтубуз бекем ден-соолукта, жарык маанайда, ынтымак-ырашкерликте жашап, өлкөбүздүн туусу түбөлүккө желбиреп турсун! Майрамыңыздар менен!
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич