Университетте Кесипке багыт берүү жумуштары улантылууда.
2020-жылдын, 2-майында медициналык колледждин гуманитардык сабактар бирикмеси тарабынан уюштурулган «Келечегиңди тандоодон адашпа – сени Кыргыз-Ѳзбек университети кучак жайып күтүүдө!» аталышындагы онлайн-тегерек столдун алгачкы сөзүн университетибиздин ректору, профессор, Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевичке берилип, мектеп бүтүрүүчүлөрүнѳ жана ата-энелерге университеттин структуралык түзүмдөрү жѳнүндѳ тааныштырып ѳттү. Биздин келечегибиз болгон зээндүү, идиректүү, илим менен билимге умтулган жаштарыбыз Кыргыз-Өзбек университети тууралуу кызыктырган суроолоруна толук маалымат алышты.
Тегерек столудун жүрүшүндѳ медициналык колледждин директору, м.и.к. Джумаев Равшан Мамадиевич медициналык колледжге тиешелүү болгон адистиктерди, алардын контракт акыларын, окуу мѳѳнѳтү тууралуу маалымдады.