Улуу Жеңишке 75 жыл! Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргыз жоокерлеринин эрдиктери! Эч ким, эч качан унутулбайт!

Улуу Жеңишке 75 жыл!
Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргыз жоокерлеринин эрдиктери!
Эч ким, эч качан унутулбайт!

🚀Улуу Ата-Мекендик согушта СССРдин карапайым калкынан сегиз жарым миллиондон ашык адам көз жумган. Аскер кызматынан курман болгондор жана туткунга түшүп көз жумгандар төрт жарым миллион адам деген маалымат бар. Ар кандай кырдаалда көз жумгандардын санын кошкондо каза болгондордун саны 26,6 милионго жеткен. Акыркы 1988-1993-жылдары тарыхчылардын статистикалык изилдөөсүнүн негизинде мындан да көп жоготуу болгондугу ачылган.
🚀Улуу Ата Мекендик согушта көз жумган 20 жаштан 29 жашка чейинки жоокерлер 20 милионду түзгөн.
Ал эми курман болгон аялдарда дагы ушунча жаштагылар басымдуулук кылган.
✈️Улуу Ата мекендик согушта 11 миңден ашуун адам Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган.
👮‍♀️Алардын ичинен 87 аял баатыр наамын алган. Тарых барактарында Улуу жеңиш жалаң жаштардын жанын алгандыгы баса көрсөтүлөт.

🇰🇬Кыргызстандан кан майданга 365 миң жоокер аттанган. 150 миңден ашыгы курман болгон. Алардын беш миңи ушул кезге чейин дайынсыз. 72си Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон.
🌐СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1941жылдын 22-июнундагы Указына ылайык өлкөдө аскерге милдеттүүлөрдү жалпы мобилизациялоо иши башталган. Бул иштин жүрүшүндө Кыргызстанда 385-аткычтар дивизиясы, кийин 40 жана 153-аткычтар бригадалары, 2 улуттук атчандар дивизиясы түзүлүп, алар республиканын өнөр жай ишканалары жана колхоздору тарабынан жабдылган.
🌐Булардын ичинен согушка биринчи болуп Кыргызстандын аскер комиссары генерал-майор И. В. Панфилов командалык кылган 316-аткычтар дивизиясы кирген. Москваны коргоо үчүн 1941-жылы ноябрда болгон согушта бул дивизиянын жоокерлери өздөрүнөн төрт эсе күчтүүлүк кылган душман менен кармашкан. Бир ай бою өздөрүнүн чегин бекем кармоо менен дивизиянын бөлүктөрү душмандын 2-танкалык, 29-мотордоштурулган, 11-жана 110-жөө аскерлер дивизиясын талкалап, 9 миң немец солдаттары менен офицерлерин, 80 танканы жана башка куралдарды жок кылышкан.
👮‍♂️Командованиенин тапшырмасын үлгүлүү аткаргандыгы үчүн 316-аткычтар дивизиясы 8-гвардиялык деген наам алып, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Андан тышкары Советтер Союзунун Баатыры деген наам Панфилов дивизиясынын 28 жоокерине ыйгарылган.

🇰🇬Алардын ичинде кыргызстандык Дүйшөнкул Шопоков да бар эле.