Улуттук комиссиянын төрагасы өзү менен бирге келген жумушчу топту университеттин кызматкерлери менен жакындан тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев түштүк жергесине болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келди.
Улуттук нарк-насилди жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында атайын иш сапарында жүргөн Улуттук комиссиянын төрагасын университеттин жамааты элдик каада менен тосуп алышты.
Улуттук комиссиянын төрагасы өзү менен бирге келген жумушчу топту университеттин кызматкерлери менен жакындан тааныштырды. Жумушчу топ университеттин ичинде мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздарды карап чыгышты. Бул учурда төрага университеттин жетекчилигинин коштоосунда окуу жайдын материалддык-техникалык базасы, көп тилдүүлүктү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн атайын ачылган тил борборлорунун ишмердиктери менен таанышып чыкты.
Кыдыруу учурунда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы мамлекеттик тилди окутуу ыкмаларын өркүндөтүү багытында жүрүп жаткан семинардын катышуучулары менен жолугуп, курстун бүтүрүүчүлөрүнө даярдалган сертификаттарды тапшырууга катышты.
Андан соң жумушчу топ текшерип чыккан иш кагаздары боюнча маалымат беришти. Кеп соңунда төрага өзгөчө статустагы бул окуу жайдын аткарып жаткан иштерине ыраазычылык билдирди.
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial