Улгайгандардын эл аралык күнү, Мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди
Бүгүн, 1-октябрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 1-октябрь-Улгайгандардын эл аралык күнүнө жана Мугалимдердин кесиптик майрамын утурлай майрамдык кече уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич катышып, окуу жайда эмгектенип кеткен ардагер карыяларды куттуктап, бириккен профсоюз комитети менен ректорат тарабынан даярдалган белектерди тапшырды. Сый конок катары чакырылган карыялар окуу жайдын жетекчилигине, профсоюз уюмуна ыраазычылыгын билдиришти.
Иш-чара мугалимдер күнүнө карата арналган салтанат менен уланды. Сөз кезегинде окуу жайдын ректору Чаткалбай Райымбаев мугалимдер кандай шартта болбосун ишмердигин үзгүлтүккө учуратпай, жаштарга татыктуу тарбия берип жаткан бүгүнкү күндүн каармандары экендигин белгилеп, университеттин Ардак грамотасын тапшырды.
Андан сырткары окуу жайда жасаган эмгеги менен бааланган профессордук-окутуучулар курамынын өкүлдөрү КРнын Билим, илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитетинин төш белгиси, КРнын Билим, илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитетинин Ардак грамотасы жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профсоюз комитетинин акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Майрамдын жүрүшү маданий-эстетикалык борбор тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
https://kutbilim.kg/…/k-eauda-karylar-k-n…/




