Түрк Кеңешинин лидер жаштарынын үчүнчү эл аралык форуму Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өттү

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түрк Кеңешинин лидер жаштарынын үчүнчү эл аралык форуму Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өткөрүлдү. Иш чарага алыскы жана жакынкы түрк тилдүү өлкөлөрдүн лидер жаштары катышты. Алгач алар университеттин материалдык-техникалык базасын чагылдырган көргөзмө менен таанышып чыгышты.
Форумдун расмий бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов куттуктоо сөзү менен ачып, форумдун ишине ийгилик каалады.
Андан соң алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн лидер жаштарды жетектеп келген делегация башчыларына кезек-кезеги менен сөз берилди. Алар көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилеп жаткан Кыргыз Республикасынын бүткүл элине, жаштарына болгон каалоо-тилектерин билдиришти.
Сөз кезегинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор Чаткалбай Райымбаев Кыргыз Республикасы эгемендикке жетишкен күндөн тартып, бүгүнкү күнгө чейинки түрк дүйнөсүнүн жаңылануу баскычтарына токтолду. Ошондой эле боордош элдердин ортосундагы социалдык-маданий, илим-билим багытындагы байланыштардын өнүгүшүнө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кошкон салымдарын белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө мамлекеттер аралык жаштар жана саясат, жаштардын илим-билимдеги орду, маданият жана туризм багытындагы жаштардын учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө кенен сөз болду. Резолюция кабыл алуу менен Түрк Кеңешинин лидер жаштарынын үчүнчү эл арлык форуму жыйынтыкталды.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин маалымат кызматы — 2021