Түркия Республикасынын элчилигинен өкүлдөр келди
Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин билим берүү багытындагы кеңешчиси Харун Каржы, ТОМЕR түрк окуу борборунун директору Али Кылыч, орун басары Мустафа Булут жана ТОМЕR түрк окуу борборунун Оштогу өкүлү Эйюп Гок Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болушту.
Аталган конокторду Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич кабыл алды.
Жолугушуу учурунда академиялык мобилдүүлүк боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттерин Түркияга барып билим алып келүүсүн камсыздоо, окутуучуларыбыздын тажрыйбасын арттыруу максатында ТОМЕR түрк окуу борбору окуу жайдын студенттерине жана мугалимдерге түрк тилин үйрөтүү маселелери талкууланды.



