Тарыхы
Факультеттин тарыхы
Кыргыз-Өзбек университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде өзбек-педагогикалык факультети 1998-жылдын 5-сентябрында түзүлгөн (№22 Д буйругу). 1999-жылы өзбек-педагогикалык факультетинин базасынан табигый-педагогикалык жана гуманитардык-педагогикалык факультеттери бөлүнгөн. 2002-жылы гуманитардык-педагогикалык факультети тарых-филология факультети деген ат менен кайрадан түзүлгөн. Педагогика факультети жоюлуп, тарых-филология факультети менен биргеликте, 2010-жылы гуманитардык-педагогикалык факультети болуп жаңыланган. 2013-жылы дүйнөлүк тилдер факультетиндеги кээ бир адистиктер жабылып, студенттердин саны кескин түрдө азайгандыгына байланыштуу, гуманитардык-педагогикалык факультетинин базасында англис филология кафедрасын сактоо менен факультет кайрадан тарых-филология факультети болуп түзүлгөн. (03.09.2013, № 90 буйругу).
Факультеттин түптөлүшүндө жана өнүгүп-өсүшүнө алгачкы декандар, профессорлор А.С. Худайбердиев менен А.А. Анарбаевдин эмгеги зор.
Андан кийин факультеттин деканы кызматында доценттер Ш.А. Ташходжоев, Р.У. Алиева жана С.М. Мурзакуловдор эмгектенишкен. Факультеттин тарыхында декан катары эмгектенген А.Т. Балтабаеванын эмгеги өзгөчө. Бүгүнкү күндө тарых-филология факультетин педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Н.Д.Тилекова жетектейт.
Тарых-филология факультети окуу-усулдук, илим-изилдөө, маданий-массалык, эл аралык ж.б. ишмердүүлүктөрү менен ийгиликтерди жаратып, 25 жылга жакын убакыт ичинде университетте мыкты факультеттердин катарын толуктап келе жатат.
- Тарых-филология факультетинин деканы – п.и.к., доцент Н.Д.Тилекова;
- Тарых-филология факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары – ага окутуучу Т.С.Көкөева;
- Тарых-филология факультетинин деканынын тарбиялык иштери боюнча орун басары – ага окутуучу Р.А.Абакулов.
Факультеттин жетишкендиктери:
- Мыкты факультет (2007-жыл, 2015-жыл, 2016-жыл);
- Мамлекеттик тилде иш кагаздарды жүргүзүү боюнча 1-орун (2009-жыл);
- «Ыр кесе» 1-орун (2009-жыл);
- Президенттик «Үмүт» стипендиясынын лауреаттары (2009, 2010, 2018, 2020-жылдары);
- «Мыкты студенттик кошуун» (2010-жыл);
- Илимий ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча 1-орун (2014-жыл);
- Орус, англис, кыргыз, корей тил борборлору;
- Манас таануу, Айтматов таануу борборлору;
- Англис тил боюнча олимпиада 2-орун (Казакстан, Букетов университети, 2016-жыл ); кыргыз тили боюнча аймактык олимпиада 3-орун (2019-жыл), англис тили аймактык олимпиада 3-орун (2019-жыл);
- Гёте университетине тажрыйба алмашуу жана ыктыярчылар менен иш алып баруу (Германия, 2016-жыл);
- Долбоордун негизинде акысыз билим берүүгө Америка элчилигинен Джонотон Метл келди (2016-2017-окуу жылы);
- Мыкты изденүүчү;
- «Мыкты тамашоу командасы» (2018-ж.);
- Тамашоу командасы 1-орун (2019-ж);
- Мыкты тайпа (2018-жыл);
- Мыкты куратор (2018-жыл);
- Мыкты илимий кызматкер (2020-жыл);
- Региондук ЖОЖдор аралык Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Акыл таймашта III даражадагы диплом (2018-жыл);
- 1-курстун студенттери арасында баскетбол мелдеши боюнча 1-орун (2021-жыл);
- 1-курстун студенттери арасында жеңил атлетика мелдеши боюнча 3-орун (2021-жыл);
- 1-курстун студенттери арасында шахмат мелдеши боюнча 3-орун (2021-жыл);
- 1-курстун студенттери арасында тогуз коргоол мелдеши боюнча 2-орун (2021-жыл);
- «Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу» аталышындагы дебатта 2-орун (2021-жыл).
Тарых-филология факультетинин эмгек жамааты


