ТПФ: «Табигый илимдер жана окутуунун усулу» кафедрасында 4 күндүк конок лекциялардын сериясы жыйынтыкталды

🔮ТПФ:
«Табигый илимдер жана окутуунун усулу» кафедрасында 4 күндүк конок лекциялардын сериясы жыйынтыкталды

💠 Табигый педагогикалык факультетинин табигый илимдер жана окутуунун усулу кафедрасы менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын биргелешкен конок лекциялардын сериясы бүгүн жыйынтыкталды.
Биргелешкен конок лекция 29-апрелде башталып, бүгүн өткөрүлгөн 3 конок лекция аталган иш-чараны жыйынтыктады.

Аталган лекциялардын башатын КМУнун доценти Токторалиев Эркин Торобекович экология предметинен «Глобалдык экологиялык проблемалар» деген темада окуган лекция түздү.

Андан соң КМУнун доценти Солпуева Дамира Токтосуновна кыргызстандын калкынын демографиялык өсүү динамикасы предметинен «Кыргызстандын калкы» деген темада лекциясын өттү.

Ал эми күндүн конок лекциясын КМУнун окутуучусу Кожогелдиев Талантбек Абдыкалыкович кыргызстандын физикалык географиясы предметинен «Кыргызстандын ландшафты» деген темадагы лекциясы жыйынтыктады.
Конок лекцияларга табигый илимдер окутуунун усулу кафедрасынын окутуучулары, студенттери катышып, суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынып, уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык сөздөр айтылды.

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial