ТПФнын «Табигый илимдер окутуунун усулу» кафедрасында конок лекция болду.
🔷 И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен биргелешкен конок лекциялар уланууда.
Бүгүнкү конок лекцияны КМУнун география, экология жана туризм факультетинин география жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын окутуучусу Кожогелдиев Талантбек Абдыкалыкович географияны окутуунун методикасы предметинен «Окутуунун методдору» деген темада өтүп берди. Соңунда студенттер тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.