ТПФда Вебинарлар өткөрүлдү

Жаңылык

1.05.2020ж. күнү  Информатика жана окутуунун усулу кафедрасынын уюштуруусунда ВЕБИНАР болуп өттү.

Вебинарды КӨУнун профессордук окутуучулар жамаатынын катышуусунда Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын программисттеринин арасында белгилүү программист:

·    Жалпы Республикалык тестирлөөдө кабыл алуу комиссиясынын ишин автоматташтыруу боюнча StatMyADMIN программасынын;

·    Электрондук библиотекалардын системалары боюнча iBook программасынын;

·    Антиплагиат боюнча AntiplagiatPro программасынын;

·    Online-БУХГАЛТЕР программасынын ж.б. көптөгөн колдонмо программалардын автору, ОшМУнун IT академиясынын директору, ф.-м.и.к. доцент,  Молдояров Уларбек Дүйшөбековичтин   «Окутууну санариптештирүүдөгү онлайн ачык билим берүү Moodle платформасы” деген темада өттү.

Эскертүү: У.Д.Молдояров тарабынан түзүлгөн программаларды Кыргызстандын бир канча ЖОЖдору окуу процесстеринде колдонууда.

                                                                                                                                   ИОУ кафедрасынын жамааты