Торстен Свобода (Eduviso Германия) эки тараптуу кызматташуунун алкагында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келди.

Торстен Свобода (Eduviso Германия) эки тараптуу кызматташуунун алкагында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келди.
Аталган конокту окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев Торстен Свободаны (Eduviso Германия) жакында эле Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сыйланган “Достук” ордени менен куттуктап, мындан нары дагы эл аралык достукту, кызматташтыкты жана тынчтыкты бекемдөөгө өз салымыңызды кошо бериңиз деген тилегин билдирди. Андан соң өнөктөш катары алдыда биргелешип жүргүзө турган иштер боюнча ойлорун ортого салышты.