Ташкент жеңил өнөр жай жана текстиль институтунун эл аралык кызматташтык боюнча проректору Ташпулатов Салих Шукуровичтин Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине расмий иш сапары уюштурулду.

2021-жылдын 15-16-июнь күндөрү эл аралык байланыштар жана инвестициялар депаратменти тарабынан Ташкент жеңил өнөр жай жана текстиль институтунун эл аралык кызматташтык боюнча проректору Ташпулатов Салих Шукуровичтин Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине расмий иш сапары уюштурулду.
Жолугушуулардын жүрүшүндө 2021-жылдын 18-май күнү эки тараптуу түзүлгөн келишимдердин негизинде инженердик-технологиялар факультетинин базасында 2+2 окуу программасы бююнча ачылган адистиктер үчүн окуу программалары иштелип чыгып, 2021-2022-окуу жылына жол картасы түзүлдү.