Тарыхы
«Каржы жана башкаруу» кафедрасынын тарыхы
Алгач кафедра «Каржы жана насыя»,- деген атылышта каржы- экономикалык факультеттин курамында 1997-1998-окуу жылында негизделген. Кафедранын түптөлүшүнө өз учурларында факультеттин деканы э.и.д., профессор Г.М. Маматурдиев, э.и.к., доцент М.О. Омурбекова, э.и.д., профессор Ж.Т Тургунбаев, э.и.к., доцент А.Ш. Юсуповдор жигердүү салымдарын кошушкан. 2018-жылдын 14-сентябрындагы №112-ни «Университеттин функцияналдык түзүмү жана дайцындоолор жөнүндө» буйругуна ылайык «Каржы жана насыя» кафедрасы «Каржы жана башкаруу» кафедрасы,- деп өзгөртүлгөн.
1997- 2000-жылдар аралыгында кафедраны э.и.к.,доцент О.М.Омурбекова,
2000-2002- жылдары э.и.д., профессор Ж.Т.Тургунбаев,
2003-2005- жылдары э.и.к., доцент А.А. Абдыкеримов,
2005-2017-жылдары э.и.к., доцент А.Ш.Юсупов,
2017-2018 -окуу жылында э.и.к.,доцент Ж.М.Азимов жетектесе,
2019- жылдын 21-23-январь күндөрүндө болуп өткөн университеттин 16- илимий сессиясында күн тартибинде кафедралардын башчыларын кайрадан конкурстук негизде шайлоо аркылуу дайындоодо э.и.к., профессор Ш.О.Шакиев өз талапкерлигин коюп, тандоодонун жыйынтыгында «Каржы жана башкаруу» кафедрасынын башчысы кызматына университеттин ректорунун 2019-жылдын 28-январындагы №07ни- буйругунун негизинде 28- январдан баштап дайындалган. Учурда кафедрада 7 штаттык , 1 ички айкалыштыруу негизде профессордук окутуучулар жамааты жана 1 лаборанттык кызматкер эмгектенишет. Алардын ичинен айкалыштырууда 1 илимдин доктору, 4 илимдин кандидаттары- доценттери жана 3 ага окутуучулар эмгектенип жатышат.
Жалпысынан кафедранын профессордук-окутуучулар курамы жогорку деңгээлдеги усулдук, кесиптик даярдыктарга, теориялык-практикалык билим берүүдө заманбап талаптарына жооп берет.