ТФФнын орус филология кафедрасы тарабынан «Келгиле окуйбуз» аталышында онлайн иш-чара өткөрүлдү.

21-апрель күнү тарых-филология факультетинин орус филология кафедрасы тарабынан «Келгиле окуйбуз» аталышында онлайн иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө көп тилдүү билим берүү программаларынын тренери, РГСУнун алдындагы «Орус тили» борборунун волонтёру, Ош шаарындагы К.Алтыбаев орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Мокелеева Аида Дуйшековна «Орус тили сабагында окутуунун инновациялык усулдары» деген темада онлайн семинар өтүп берди. Семинарга жаш окутуучулар жана 3-4-курстун студенттери катышты