Тарых-филология факультетинин окутуучусу Нуриза Абдимиталип кызынын демилгеси менен кыргыз филологиясы адистигинин 1-курстары үчүн «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну болуп өттү.
Акыл таймаш 4 тур менен өтүп, жыйынтыгында ФО (кя)- 1-19 тайпасынын студенти Манасбеков Нуржигит 1-орун, Асанкул кызы Мунара 2-орун, Ысмайылова Айзирек 3-орунду багындырышты. Окутуучулар тарабынан сыйлыктар тапшырылып, интеллектуалдык оюн салтка уланары айтылды жана уюштуруучуга ыраазычылык билдиришти.