Тарых-филология факультетинде «Кош жылдыз-2022» кароо-сынагы өттү
2022-жылдын 1-апрелинде тарых-филология факультетинде «Кош жылдыз-2022» кароо-сынагы болуп өттү.
Кароо-сынакка факультеттин таланттуу студенттеринен 4 жуп чыгып, 4 этап боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Калыстар тобунун баалоосу менен жеңүүчүлөр аныкталып факультет тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
«Бул иш-чараны уюштуруунун негизги максаты студенттердин окуудан сырткары маданий эс алуусун уюштуруу менен алардын ортосундагы достукту бекемдеп, таланттуу студенттерге шарт түзүп, өнөрлөрүн коомчулукка алып чыгуу болуп саналат»-дейт аталган факультеттин деканы Назира Тилекова.




