Тарых-филология факультетинде бүтүрүүчүлөр кечеси өттү.

Аталган кечеге университеттин окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Топчубай Исаков, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Сыргак Сарыков, эл аралык байланыштар жана инвестиция департаментинин директору, профессор Аида Балтабаева жана тарых-филология факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Назира Тилекова катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, сыймыктуу бүтүрүүчүлөргө окуу жайдын грамотасын жана ата-энелерге ыраазычылык баракчаларын тапшырышты.
Бүтүрүү кечеси, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.