Тарых-филология факультетинде бүтүрүүчүлөрдүн кечеси өттү
Аталган кечеде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев бүтүрүүчү курстарды куттуктап, аларды алдыда боло турган окуу сынактарын ийгиликтүү тапшырып, университеттин, окуткан мугалимдеринин жүзүн жер каратпай, турмушта өз ордуңарды табып, мамлекет үчүн татыктуу кызмат кылган, биз сыймыктанган бүтүрүүчүлөрдүн катарын толуктап жүрө бергиле деген тилегин билдирди.
Бул иш-чарага окуу жайдын проректорлору, факультеттин деканы, кафедра башчылары катышып куттуктоолорун жолдошту.
Окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштердеги активдүүлүгү менен айырмалаган бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине факультеттин Ыраазычылык каты тапшырылды.
Кече таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.




