Тарыхы 

«Табигый илимдер жана окутуунун усулу» кафедрасы

 

Кафедранын кыскача тарыхы

        1994-жылы К-ӨУнин   «Табигый илимдер  дисциплинасы» деген кафедра түзүлгөн. Анын жетекчиси болуп ф.м.и.к., доцент Маматурдиев Г.М. дайындалган. 1996-жылы сентябрь айынан кафедранын окуу жүктөмдөрүнүн саатынын көбөйгөнүнө байланыштуу кафедра экиге бөлүнгөн. Анын бири «Физика жана химия технологиясы» кафедрасы, аны КУВТК (Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи) биринчи проректору: х.и.к., доц. Эргешов И.Э. жетектеген.

1998-жылы сентябрдан баштап бул кафедраны п.и.к., доцент Ташходжаев Ш.А. жетектеп, андан кийин бул кафедра «Химия жана азык заттар технологиясы» кафедрасы (ХТПП) болуп  өзгөрүп (химия дисциплинасынын сааттарынын көбөйүшүнө байланыштуу), аны а.ч.и.к., доцент  Шамшиев Б.А. башкарып келген.

1999-жылы сентябрь айынан К-ӨУ нин окумуштуулар кеңешинин чечими менен «Химия жана биология» кафедрасы түзүлүп, аны К-ӨУнин биринчи проректору, х.и.к., доцент Эргешов И.Э. жетектеген.

2001-жылдын 1-мартынан бул кафедраны х.и.к., доцент Мурзабаев Б.О. жетектеген. 2004-жылдын 13-сентябрынан К-ӨУ нин окумуштуулар кеңешинин чечими менен «Химия жана биология» кафедрасы төмөнкү 2 кафедрага бөлүнгөн: «Жалпы химия» жана «Табигый билимдер жана окутуу усулу» кафедрасы болуп түзүлүп, К-ӨУнин окумуштуулар кеңешинин чечими менен анын жетекчиси болуп б.и.к., доцент Киргизбаев А.К. дайындалган. Кафедрада 12 мугалим эмгектенип, анын ичинен 2-мугалим илимий даражада, 5-ага окутуучу, 2-мугалим КР  эл агартуусунун мыктысы наамына ээ болгон.

2007-жылы сентябрда «География жана жалпы экология» кафедрасы ачылып, аны Камилова Л.Т. жетектеген. 2011-жылы «Табият таануу жана окутуунун усулу» жана «География жана жалпы экология» кафедралары кайрадан биригип, ал «География, биология жана окутуунун усулу» кафедрасы деп аталган. Аны улук окутуучу Камилова  Л.Т. жетектеген.

2013-2014 окуу жылында факультеттерди бириккендигине байланыштуу «География, биология жана окутуунун усулу» кафедрасына «Жалпы химия» кафедрасы биригип, ал «Табигый илимдер жана окутуунун усулу» кафедрасы деп аталып, аны азыркы күнгө чейин г.и.к., доцент Камилова Л.Т. жетектеп келе жатат.

 

КАФЕДРАНЫН  КЕСИПТИК БАГЫТТАРЫ

Бүгүнкү күндө кафедрабызда азыркы учур талабына керектүү, келечектүү деп эсептелинген төмөнкү багыттар боюнча кесип ээлери даярдалат:

550100 – Табигый илимий билим берүү

Ыйгаруу квалификациясы (Бакалавр)

550100 – Табигый илимий билим берүү: профили-биология

550100 – Табигый илимий билим берүү: профили-география

550100 – Табигый илимий билим берүү: профили-химия

 

“Элдин жашоо-турмушу анын билимине байланыштуу”-деп айтылат. Ошондуктан замандын талабына ылайык мугалимдер жогорку билимдүү болушу керек. Биздин кафедра мугалимдердин жогорку деңгээлде даярдоо менен алардын  профессионалдык мүмкүнчүлүктөрүн түрдүү сферада эмгектенүүгө шарт түзүп берет. Бул кесипти бүтүрүүчүлөр:

  • Билим берүү тармактарында (мектеп, лицей, колледж, университет ж.б.);
  • лабораторияларда;
  • токой чарбаларында;
  • эколог катары;
  • жашылдандыруу тармактарында;
  • суу чарбачылыгында;
  • өзгөчө кырдаалдарда ж.б. кесиптерде иштей алышат.

 

Кафедранын негизги максаттары:

1.Заман талабына ылайык жана конкуренцияга туруштук бере ала турган кесипкөй педагогдорду даярдоо

 

2.Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде  экономикалык жана социалдык жараяндарды өркүндөтүүгө багытталган табигый илимий билим берүү областында жогорку кесипкөй профилдик билимдерин ийгиликтүү түрдө өзүнүн кесипкөй ишмердүүлүгүндө пайдалануучу бүтүрүүчүлөрдү даярдоо

 

3.Эмгек шартында кесиптик компетенцияларды өздөштүрө алган педагогдорду даярдоо

 

4.Кафедранын илимий потенциалын көтөрүү  жана окутуучу профессорлордун окуу-усулдук иштерин жогорулатуу

 

5.Жогору потенциалдуу, жаратылышты сүйгөн, терен билимдүү, заманбап муктаждыкты актай алган адистерди даярдоо.

 

 

 

 

Кафедранын негизги милдеттери:

1.Окутуунун заманбап технологиясын сабактарда колдонуу

 

2.Окуу-усулдук каражаттарды жана маалыматтарды иштеп чыгуу

 

3.Илимий-практикалык конференциялардын иштерине активдүү катышу

 

4.Студенттердин чыгармачылык менен билим алуусун, алардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында окутуунун жаны технологияларын колдонуу

 

5.Студенттердин өз алдынча билим алууга умтулуусун калыптандыруу

 

6.Студенттердин арасында тарбиялык иштерди жүргүзүү

 

7.Илимий иштерди талапка ылайык уюштуруу жана илимий ишке болгон кызыгууну арттыруу

 

8.Студенттерди илимий иштерди аткарууга үйрөтүү.

 

«Табигый илимдер жана окутуунун усулу» кафедрасынын өнүгүү перспективалары.

Кафедранын иштери төмөнкү багытта жүргүзүлөт.

  1. Ар түрдүү окуу-усулдук иштелмелерди иштеп чыгуу
  2. Студенттердин билим денгээлин жогорулатуу, интернет аркылуу информацияларды алууну үйрөтүүгө багыттоо
  3. Сабактарда техникалык каражаттарды колдонуу жана электрондук китептерди пайдалануу
  4. Кафедранын материалдык базасын чындоо

 

Кафедра башчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:

  1. Кафедранын иштеринин аткарылышын камсыз кылуу
  2. Кафедранын жылдык иш пландары, окуу-тарбиялык, илимий изилдөө ж.б иштердин иш пландарын түзүү жана жетектөө
  3. Кафедра мүчөлөрүнүн жеке иш пландарын, жумушчу программалар, силлабус, ОУКди бекитүү жана аткарылышын көзөмөлдөө
  4. Предмет аралык байланыштарды ишке ашыруу максатында башка ЖОЖдордун кафедралары менен окуу-усулдук байланыштарды түзүү
  5. Кафедранын окуу, өндүрүштүк жана практикалык, курстук, дипломдук иштердин сапаттуу аткарылышы боюнча дайыма иш алып бару
  6. Кафедранын илимий изилдөө иштерин жандандыруу
  7. Кафедранын окутуучуларынын илимий, окуу-тарбия иштериндеги алдынкы тажрыйбаларын жайылтуу
  8. Кафедранын кабинеттери жана окуу лабораториясынын ишмердүүлүгүн жетектөө
  9. Кафедранын окутуучуларына берилген тапшырмалардын аткарылышын өз убагында контролдоо

 

Кафедранын окутуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү

  1. Кафедранын окутуучулары расписаниеде көрсөтүлгөн убакытта сабакты өтүүгө милдеттүү;
  2. Кафедрада пландаштырылган окуу жүктөмдөрүн сапаттуу аткарууга;
  3. Университеттин, факультеттин, кафедранын иш чараларына өз убагында  аткарууга;
  4. Коомдук иштерге активдүү катышууга;
  5. Кафедранын отурумдарында активдүү болууга;
  6. Сабактын сапатын жакшыртууга, окутуунун алдынкы технологияларын колдонуп сабак өтүүгө;
  7. Билимин жогорулатуу үчүн ар түрдүү конференция семинарларга катышып турууга;
  8. Илимий-изилдөө иштерин жандандырууга жана макалаларды ЖОЖдун журналдарына чыгарууга;
  9. Студенттер менен илимий – чыгармачылык иштерди алып барууга, студенттерге группалык жана жеке консультацияларды берип турууга;
  10. Өзүнүн лекциялык жана практикалык материалдарын жанылап турууга ж.б. милдеттүү.

 

Лаборанттык кызматтын милдеттери:

1.Окутуучулардын сабактарынын өтүлүшүн көзөмөлдөө

2.Кафедра мугалимдеринин нөөмөткө туруу журналын түзүү

3.Мугалимдердин өз ара сабакка катышу журналын түзүү

4.Кафедрага түшкөн кагаздарды кабыл алуу жана тизмелөө

5.Кафедранын иш кагаздарын көзөмөлдөө

6.Кафедранын иш кагаздарын компьютерде жазып чыгуу

7.Лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарда көрсөтмө куралдар жана техникалык каражаттар менен камсыз кылып берүү

8.Кафедрага жагымдуу шарт түзүү, жасалгалоо ж.б материалдарды даярдоого катышуу.