ПМНО Маданий-массалык ишмердүүлүгү

[one-half] БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УСУЛУ[/one-half]

Башталгыч билим берүү усулу кафедрасынын студенти А. Кудайбердиеванын авторлугунда мотивациялык китеп жарык көрдү

Адамга шык, дем берчү китептердин катарын дагы бир «Максатка карай кадам» аталышындагы маңыздуу китеп толуктады. Бул китеп адамдын ой жүгүртүүсүн туура жакка багыттоого жардам берет. Конкреттүү мисалдардын негизинде позитивдүү ойлонууга, максатыңдан баш тартпоого чакырат. Китептин дагы бир өзгөчөлүгү – анын автору 21 жаштагы Айзат аттуу студент кыз.

Айзат Кудайбердиева, китеп, бет ачар
Айзат Кудайбердиева — Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин табигый -педагогикалык факультетинин 3-курсунун студенти.

Айзаттын калемине таандык алгачкы китептин бет ачар аземи 14-февралда болду. Иш-чарага автордун ата-энеси, жакындары, мугалимдери жана анын алгачкы ийгилигин тең бөлүшкөн Ош шаарынын тургундары келди.

Айзаттын айтымында, бул китепти жазууга, биринчиден, анын алдыга койгон оргуштаган максаттары, экинчиден, мотвациялык тематикадагы китептери, үчүнчүдөн, калбай катышкан тренинг-семинарлары себеп болгон:

“Мага өзгөчө Джек Лондондун “Мартин Иден” аттуу романы чоң таасир берди. Баш каарман Мартиндин аракетчилдиги, максатына болгон тынымсыз аракети, өзүнө ишенгендиги мени абдан шыктандырды”, — дейт ал.
Айзат Кудайбердиева, Максатка карай жол, китеп
Китеп 500 нускада басылып чыкты

“Максатка карай кадам” китебинин 1-бөлүмүндө автор өзүнүн жеке жашоосуна байланышкан окуялар, таасирлер, ой жүгүртүүлөр тууралуу кеп кылса, 2-бөлүмүндө максат коюу жана ага жетүүнүн бир нече эффективдүү ыкмалары “Күчтүү адамдын 50 адаты”, “Бир мүнөт системасы”, “Кирпи концепциясы” деген сыяктуу аталыштагы бөлүмдөр менен таасын баяндайт. Ал эми 3-бөлүмдө конкреттүү адамдардын мисалында ийгилик сырын ачып берүүгө аракеттенген.

“Китептин аты айтып тургандай, бул китеп — максатыма карай таштаган 1-кадамым. Эң алгачкы аракетим болгондугу үчүн да ушул аталышты тандадым. Кесибим билим берүү багытында болгондуктан, билгендеримди окуучу, студенттерге бөлүшүүгө аракеттенем”, — деген пландары менен бөлүштү Айзат.

Белгилей кетсек, китеп 500 нускада басылып, аны жазууга 3 ай, оңдоп-түзөөгө 7 ай болуп жалпысынан 1 жылдай убакыт сарпталган.

Айзат Кудайбердиева, китеп, бет ачар
Айзаттын ата-энеси

Айзаттын максаттарына умтулуусуна эң чоң моралдык колдоону

атасы Кудайбердиев Мустапа көрсөтөт.

“Мен 4 уул 1 кыздын атасымын. Алардын тортунчусу Айзат.Кызым өтө тырышчаак жана аракетчилдиги менен бизди таң калтырды. Алгачкы жолу мага китеп жазуу идеясын айтканда кубанып, колдоо көрсөттүм. Бүгүнкү бет ачар азем биз күткөндөн да жакшы деңгээлде болуп жатат”, — дейт Мустапа ата.

Кыргыз — Өзбек университетинин табигый — педагогикалык факультетинин деканы, доцент Ибрагим Советович Айзаттын өтө аракетчил кыз экендигин баса белгиледи.

“Студентибиз Айзат сабактарын жалаң бешке окуп, себепсиз калтырбайт.Түрдүү уюм, фонддор менен кызматташып, убактысын эффективдүү колдонгонго аракеттенери байкалат. Бир орунда турбаган эмгекчил кыздарыбыздын бири”, -дейт Ибрагим Советович.

Айзаттын куратору Казканова Чолпон анын тайманбасты менен башкалардан айрымаланып турарын айтты.

“Айзат жоолук салынганда мен ага «сен жашсын, күлүп-жайнап эле жүрө бербейсинби? Жоолукту кийин турмуш курганда да үлгүрмөксүң го» -десем, «эжеке, жоолук менен да жадырап-жайнап жүрүүгө болот»-деп укугун талаша алды. Ал окуу жайыбыздын конференция, олимпиадаларына калбай катышып, алдынкы орундарды ээлеп келет. Быйыл 3-курсунда жеке көз карашындагы автордук китебин жазып, баарыбызды таң калтырды”, — дейт Чолпон айым.
Айзат Кудайбердиева, бет ачар, китеп
Бет ачар аземге болжол менен 300 адам келди

Куттуктоо сөзүн айткандар Айзат келечекте кыргызстандын билим берүү тармагына салым кошорун бир ооздон белгилешти.

Жаш автордун калеми мындан ары да курчуй берсин демекчибиз.

“Максатка карай кадам” китеби Оштогу «Кел -кел», «Дил азык», «Раритет» дүкөндөрүндө сатылат. Кошумча суроолор үчүн байланыш номери 0773 891 572.


П-15 тайпасынын 3-курс студенти Кудайбердиева Айзаттын «Максатка карай кадам» аттуу китебинин бет ачары учурунда